АЭРОГРАФ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:01, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЭРОГРАФ, (аэро ... жана ... граф) ‒ кездеменин, кагаздын ж. б-лардын бетине кысылган абанын жардамы менен жука катмар кылып боёкту чачыратуучу прибор. Ар кандай өлчөмдөгү жана конструкциядагы Аэрограф кездемеге түр түшүрүүдө, театр жасалгаларын жана дубалга тагылуучу чоӊ форматтуу плакат даярдоодо, сүрөт негативдерин, чыккан сүрөттөрдү боёо менен оӊдоо, түзөтүүдө (ретушь жасоодо) колдонулат.