АШУБАЕВА Зина Жекшеновна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:13, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 Зина Жекшеновна (1935-ж. т., Чүй обл., Сокулук р-ну Кызыл-Туу айылы) ‒ химия илимд. доктору (1982), проф. (1989). Москва текстиль ин-тун бүтүргөн (1958). Кыргыз ССР ИАнын химия ин-тунда ил. кызматкер, лабор. башчы, 1994-жылдан КР УИАнын химия ж-а хим. технология ин-тунда башкы ил. кызматкер. 150 ил. эмгектин, а. и. 8 монографиянын 30дай автордук күбөлүктүн автору. Алар негизинен пектин заттарынын химиясы ж-а технологиясына арналган . Ойлоп табуучулардын эл аралык уюмунун (Женева) алтын медалы м-н сыйланган (2004).

Эмг.: Химические реакции пектиновых веществ . Ф., 1984; Применение петиновых веществ в медицине (в соавторстве). Б., 1989; Металлокомплексные производные пектинов и их применение (в соавторстве). Б., 1991.