АШУБАЕВ Жекшен

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:03, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

Жекшен (1912, Ысык-Көл обл., Ак-Суу р-ну, Маман айылы ‒ 1943, Ростов-на-Дону) ‒ жазуучу, акын жана драматург. 1925‒31-ж. Түптөгү айыл чарба техникумунда окуган. «Кочкор», «Оргочор» совхоздорунун саясий бөлүмүндө (1931‒36), Каракол райком комсомолунун секретары, Кырг-н ЛКСМ обком комсомолунун секретары (1936‒37), Кырг-н ЖСунун жана «Советтик адабият жана искусство» журналынын аппаратында, Чүй р-ндук эл агартуу бөлүмүндө (1937‒41) иштеген. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон. Ал ад-т майданына 1939-ж. келген. Балдарга арналган «Кайырдуу достор» поэмасы (1940), кыргыз интеллигенциясынын турмушун чагылдырган «Тереӊ кечүү» повести (1941), «Мөмөлөрүм» (1940) пьесасы ж. б. чыгармалары бар. «Достук» аӊгемеси, «Коштошуу» драмасы согуш темасына арналган. Аты туулуп-өскөн айылындагы орто мектепке берилген.