АШМАРИН Николай Иванович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:32, 15 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Mariya (Mariya moved page АШМАРИН to АШМАРИН Николай Иванович) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АШМАРИН Николай Иванович [22.9 (4. 10). 1870, Ядрин ш., Казань губерниясы (азыркы Чувашия) ‒ 26. 8. 1933, Казань ш.] ‒ тилчи, түрколог. СССР ИАнын корр.-мүчөсү (1929). Москвадагы Лазарев институтун бүтүргөн (1896). Ошол эле жылдан Казань ун-тинде окутуучу, кийин Казань, Симбирск, Баку (Азербайжан ун-ти) жогорку окуу жайларынын профессору болгон (1919‒31). Н. Ашмарин чуваш тилинин лексикасы, диалектилери жана говору, этнографиясы жана тарыхы ж-дөгү баалуу маалыматтарга бай «Чуваш тилинин сөздүгү» аттуу 17 томдук эмгеги менен атагы чыккан. Түркологияга, чуваш тилине байланыштуу 30га жакын эмгек, анын ичинде «Чуваш тилин изилдөө үчүн материалдар» (1897‒99), «Чуваш тилинин синтаксисин изилдөө маселелери» (1-бөлүк, 1903; 2-бөлүк, 1923) ж. б. жазган.
Ад.: Н. И. Ашмарин ‒ основоположник чувашского языкознания. Чебоксары, 1971; Федотов М. Р. Н. И. Ашмарин: Краткий очерк жизни и деятельности. Чебоксары, 1995.