АШКЕНАЗДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:13, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 , а ш к и н а з д а р ‒ еврейлер дин этностук тобу. Саны 9 млн адам (2011).

Идиш тилинде сүйлөшөт. Көпчүлүгү иудаизм динин тутушат. А. 1‒2-миӊ жылдыкта роман, арамей ж-а славян тилдүү еврей улуттарынын негизинде Рейндин ортонку алабында, Дунайдын жогорку ж-а чыгыш Альпы зоналарында калыптанып, немец тилин кабыл алышкан. 12‒15-к-да А-дын негизги бөлүгү Польша ж-а Улуу Литва княздыгынын аймактарына, чыгышы Киев Русуна отурукташып, славян тилдүү ке наиттер тобу м-н ассимиляцияланышкан. Алар лытвактар (Литва, Белоруссия, чыгыш Польшада), пойли (Польшада), курлендер (Латвияда), галыциа нер (Галицияда), волын-подолдук ж-а валах-бессарабиялык еврейлер (Украина, Молдавия, Румыния, Трансильвания) ж. б.

Файл:АШКЕНАЗДАР80.png

субэтностук топторго бөлүнөт. Иудаисттик дин нормаларына ылайык эркектер узун кофта (лапсердан), башына кара түстүү баш кийим (ярмолка) кийишип, жээгине мех бастырып тигилген (штраймл) ак-кара же ак-көк түстөгү атайын шалы-жоолук жамынышып, сакалдарын ж-а бир тутам чач (пейсы) коё беришкен. Аялдар башына жоолук салынышкан. Тамак-ашы ун, эт, балык азыктары. А-дын тукумдары Израилде 50% ж-а диаспордогу еврейлер 80%ти түзөт.

Ш. Керимова.