АШ АЙРАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:06, 8 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АШ АЙРАН‒ сүт менен дандан жасалган муздак ичилчү суюк тамак. Накта сүттүн үчтөн бирине суу кошуп, ысыган кезде акшак же талкан чалып бышырат. Анын табы кайтып жылымык болуп сууганда, уютку кошуп уютат. Аш айран ток жана жагымдуу болот. Ал мүнөз тамак катары да пайдаланылат.