АЧЫК ПРОГРАММА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:20, 15 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЧЫК ПРОГРАММА ‒ телекөрсөтүү программаларында мурдатан күтүлбөгөн ар кандай жоопторду кайтарууга жол бере турган суроолорду коюуга, рекламалык көрүнүштөрдү өзгөртүүгө, видео жазууларга кошумчаларды киргизүүгө шарт түзүүчү ээн-эркин маектешүүнүн аталышы. Мындай ачыктык ММКдагы массалык чөйрө менен кызматташтыкты өркүндөтүүгө, аймактык жана эл аралык деӊгээлдеги маалыматтык байланыштардын талаптарына карама-каршы келбейт. Т. Ишемкулов.