АЧЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:00, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

‒ Ош обл-нун Араван р-ндагы кыштак. Алля Анаров айыл аймагына караштуу. Ош ‒ Араван автомобиль жолунун боюнда, Кыз-Коргон жана Чил-Устун тоолорунун аралыгында, деӊиз деӊг. 770 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кыш-нан 7 км чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 22 км. 1929-ж. негизделген. Калкы 1583 (2009); негизинен пахтачылыкта эмгектенет. Орто мектеп, ФАП бар. Кыштакта Соц. Эмг. Баатырлары Айтбай Анаров, Алля Анаров жана П. Т. Слюсаренко туулган.