АЧУУ ЖУМУШТАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:08, 8 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЧУУ ЖУМУШТАРЫ‒ кендерди жер бетинен ачык казып алууда пайдалуу катмарлардын үстүндөгү тектерди алып таштоо. Кендин үстүндөгү тоотектер катуу болгондо, ачуу жумуштары жардыруу аркылуу тектерди талкалап, аларды экскаватор менен транспорттук вагондорго жүктөө, ташуудан турат. Тоотектери жумшак болсо, алар массивден экскватор менен казылып, талкалоо жана жүктөө жумуштары чогуу аткарылат. Катмарлуу кенташ (руда) горизонталь боюнча жана бир аз жантык жайланышканда, үстүндөгү тектердин калыӊдыгы 35 мден ашпаса пайдасыз тоотектер карьердин бош орундарына экскватор менен оодарылып төгүлөт да, бардык процесстерди бир гана механизм аткарат. Ачуу жумуштары тектерди оодарып төгүүгө карата ‒ туурасынан, узатасынан жана аралаш иштетүүлөр болуп бөлүнөт. Өркүндөтүлгөн жана механикалаштырылган ири жабдууларды колдонуу ачуу жумуштарынын наркын төмөндөтүп, пайдалуу казылмалардын үнөмдүү иштелишин камсыз кылат.