АЧА-КАЙЫҢДЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:53, 20 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЧА-КАЙЫҢДЫ, О й т е р с к е н ‒ Нарын облусунун Ат-Башы районундагы кыштак. Ача-Кайыӊды айыл аймагынын борбору. Ат-Башы суусунун куймасы, Ача-Кайыӊды суусунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Ат-Башы кыштагынан 3 км түштүк тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 230 км. 1932-ж. отурукташкан. Деӊиз деӊгээлинен 2094 м бийиктикте. Калкы 3570 (2009); негизинен мал чарбасында жана тоют камдоодо эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, ФАП, клуб, китепкана, байланыш бөлүмү бар.