АЧ ТАЛАА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЧ ТАЛАА, Т ү ш т ү к А ч т а л а а ‒ О. Азиядагы түздүк, Сыр-Дарыянын Фергана өрөөнүнөн чыга бериштеги сол жээк тарабы. Түштүгүнөн Түркстан кырка тоосунун этектери менен чектешет; түндүгү менен түн.-батышында Кызыл-Кум чөлүнө кошулат. Аянты 10 миӊ км2дей. Бийикт. 385 мге чейин. Негизинен лёсс сымал кумай жана кумдуу топурактан турат. Жеринин көп бөлүгү сугарылат (Түн. каналы, Борб., Түш. Ач талаа каналдары ж. б.).