АЦЕТАЛЬДЕГИД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:52, 2 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЦЕТАЛЬДЕГИД, у к с у с а л ь д е г и д и, СН3СНО ‒ кескин жыттуу, түссүз суюктук. Молекулалык массасы 44; б. эрүү t 124°С; кайноо t 20,8 °C; cуу, спирт, эфир менен бардык көлөмдө аралашат. Касиеттери альдегиддерге окшош, альдолдук конденсация реакциясына оӊой кирет: 2СН3СНО ® СН3‒ СН(ОН) ‒СН2‒СНО. Минерал кислоталарынын катышуусунда суюк паральдегидге (СН3 СНО)3 жана метальдегидге (СН3СНО) 4 полимерленет. Бул эки полимерди күкүрт кислотасын кошуп ысытканда А. пайда болот. Ал сымап тузунун катышуусунда ацетиленге сууну кошуу жолу менен алынат (к. Кучеров реакциясы ). Уксус кислотасын, уксус ангидридин, бутадиенди, ацетальдолду, жасалма чайырларды ж. б. алууда колдонулат.