АХУНБАЕВА Неля Исаевна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:12, 8 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АХУНБАЕВА Неля Исаевна (1937-жылы туулган, Фрунзе) ‒ хирург, медицина илимдеринин ьдоктору (1972), профессор (1974). КММИни бүтүргөн (1960). Пржевальск шаардык (азыркы Каракол) ооруканасы-

Файл:АХУНБАЕВА72.png

нын хирургу (1960‒61), көкүрөк хирургия бөлүмүнүн ординатору (1961‒64), КММИнин жалпы хирургия кафедрасынын ассистенти (1964‒72), доценти, КММАнын кафедра башчысы (1984‒90). КРСУнун хирургиялык оорулар кафедрасынын профессору (1995). КРдин эмгек сиӊирген врачы, академик Ахунбаев атындагы сыйлыктын лауреаты (1996). Жалпы хирургия жана көкүрөк хирургиясы боюнча адис. 150дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 8 монографиянын автору.

Эмг.: Эхинококкоз легких и его хирургическое лечение (в соавторстве). Ф., 1976; Проблемы горной-медицинской экологии Кыргызстана (в соавторстве). Б., 2000.