АХМАТОВ Кенжебай

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:07, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 Кенжебай (15. 8. 1932, Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Чырак айылы ‒ 1995, Бишкек) ‒ ботаник, биология илимд. доктору (1980). КМУну (1954), Кыргыз ССР УИАнын аспирантурасын (1957) бүтүргөн. 1971-жылдан Кыргыз ССР ИАнын Ботан. багынын директорунун орун басары, 1975-жылдан директору, 1984-жылдан лабор. башчысы болуп иштеген. Ал дарак өсүмдүктөрүнүн экологиясын ж-а өсүмдүк физиологиясын изилдеген. 60тан ашуун ил. эмгектин, а. и. 3 монографиянын, 5 методикалык көрсөтмөнүн автору.

Эмг.: Адаптация древесных растений к засухе. Ф., 1978; Зимостойкость деревьев и кустарников интродуцированных в поясе еловых лесов Терской Ала-Тоо. Ф., 1960; Методы определения зимостойкости древесных растений. Ф., 1968; Кыргызстандын токойлоруна саякат. Ф., 1978; Устойчивость цветочно -декоративных растений в высокогорных условиях Кыргызской Республики. Б., 1995.