АХАГГАР МАССИВИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:33, 13 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АХАГГАР МАССИВИ, Х о г г а р ‒ Борб. Сахарадагы тайпак тоо, Алжирде. Чокулары тайпак, тектирлүү кырка тоолор (орт. бийикт. 800 м) базальттуу платолор (орт. бийикт. 2000 м) менен аяктайт. Мында айрым жанар тоо конустары бар. Бийикт. 3003 мге (Тахат чокусу) чейин. Платина, алмаз, уран ж. б. кендери бар. Негизинен тоолуу чөл ландшафты басымдуу. Көчмөн мал чарбасы жана оазис дыйканчылыгы мүнөздүү.