АФЛАТУН (АВЛЕТИМ) ЭСТЕЛИКТЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:22, 29 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АФЛАТУН (АВЛЕТИМ) ЭСТЕЛИКТЕРИ‒ биздин заманга чейинки 6-кылым ‒ биздин замандын 12-кылымына таандык кыштак, шаар калдыгы, байыркы көрүстөндөр, ар кандай өлчөмдөгү коргондор менен курчалган археологиялык эстеликтер тобу. Бул эстеликтер Жалал-Абад облусундагы Аксы аймагынын Авлетим кыштагынан табылган. Соӊку кездеги археологиялык чалгындар жана курулуш иштеринин натыйжасында көп бөлүгү бузулуп калган. Афлатун эстелигин алгач А. Н. Бернштам (1947), кийин А. Кибиров (1950) изилдешкен.

                                                                                                                Д. Ф. Винник.