АФАКИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:07, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(а... ж-а гр. phakos ‒ оптикалык айнек) ‒ көз чечекейинин жоктугу. А. көз оор майып болгондо, кээде операциядан кийин, о. эле чанда тубаса болушу да мүмкүн. Анын натыйжасында көздүн жарык нурун сындыруу кубаты (рефракция) кескин өзгөрүлүп, көрүү начарлайт ж-а аккомадация жоголот. А-да томпок көз айнек же линза кийип көздүн көрүүсүн жакшыртууга болот.