АУТОГЕНДИК КӨНҮГҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:55, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АУТОГЕНДИК КӨНҮГҮҮ (гр. autogenes ‒ өзү чыгаруу) ‒ стресстин таасиринен бузулган организмдин булчуӊдарын максималдуу бошоӊдотуу жана өзүн-өзү ишендирүү менен дарылануучу психотерапиялык ыкма. Аны немец окумуштуусу И. Шульц сунуш кылган (1932). СССРде М. С. Лебединский (1963) тарабынан жакшыртылган. А. к-нү өзүнчө же дары-дармектер менен өз денесинде жылуулукту сезүү, колу-бутунун булчуӊ эттерин өз эркинче бошотуу, өзүн-өзү тынчтандыруу, дарылоонун ийгиликтүү болушуна ишенүүгө көндүрөт. Нерв системасынын иши бузулганда А. к-нү өзүнчө же дары-дармектер менен аралаш жүргүзсө натыйжалуу болот. А. к. ыкмаларын жакшы билген спортчу старт алдындагы толкунданып-калтыроодон оӊой кутулат.