АУТОГЕН МИНЕРАЛДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:21, 25 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(гр. autigenes ‒ пайда болушу жергиликтүү) ‒ седиментация процессинен же чөгүндүлөрдүн  алгачкы тунган жеринде калган кийинки өзгөрүүлөрүнөн пайда болгон чөкмө тоо тек минералдары. Аларга ар түрдүү карбонаттар, чополуу ж-а кенташ (руда) минералдары, эрүүчү туздар, кварц, барит, целестин, талаа шпаты ж. б. кирет. Чөкмө тоо тектердин пайда болуу шарттарын ж-а алардын кандай өзгөрүү процесстерине учураганын изилдөөдө А.минералдарынын мааниси чоӊ.