АУРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:07, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 (гр. aura ‒ желаргы, агым, желдөө) ‒ талма оорусунун кармашын алдын ала билдирүүчү узакка созулбаган өзгөчө сезим (психикалык-эмоциялык, кооптонуу, коркуу, чындык

ка жатпаган элестөөлөр). Анын көп түрү бар. Оору борб. мээнин чыкый үлүшүндө жайгашса, талма баш айлануудан кийин кармайт; көзгө ар түрдүү тактар, ийри сызыктар, жок буюмдун элеси, турпаты көрүнгөнсүйт. Кээде ызы-чуу, ар кандай үндөр, сөздөр угулуп тынчы кетет. К ы й м ы л А-сында айрым учурда башы калчылдап, көзү алаӊдайт, айрым булчуӊдар тырышат, о. эле жыт, даам сезилгендей, жүрөк токтоп калгандай туюм, психикалык (албууттануу, жашынуу, коркуу) түрлөрү бар. Чанда А. талмасыз өтөт.