АУДИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:55, 28 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АУДИТ (лат. auditus ‒ угуу) ‒ субъекттердин чарба жүргүзүүдөгү финансылык эсеп-кысабынын аудиторлор жана аудитордук уюмдар тарабынан көз каранды эмес экспертизасы жана анализи. Аудит тышкы (көз карандысыз), чарбалык субъекттин каалоосу, койгон шарттары боюнча түзүлгөн ички (ведомстволук), милдеттүү (мыйзамда алдын ала каралган учурларда жүргүзүлүүчү) жана демилгелүү (чарбалык субъекттердин же менчик ээсинин чечими боюнча түзүлгөн) болушу мүмкүн.