АУДИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:50, 7 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АУДИТ (лат. auditus ‒ угуу) ‒ субъекттердин чарба жүргүзүүдөгү финансылык эсеп-кысабынын аудиторлор жана аудитордук уюмдар тарабынан көз каранды эмес экспертизасы жана анализи. А. тышкы (көз карандысыз), чарбалык субъекттин каалоосу, койгон шарттары б-ча түзүлгөн ички (ведомстволук), милдеттүү (мыйзамда алдын ала каралган учурларда жүргүзүлүүчү) жана демилгелүү (чарбалык субъекттердин же менчик ээсинин чечими б-ча түзүлгөн) болушу мүмкүн.