АТЫРГҮЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:07, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 , л о л а, р о з а (Rоsа) ‒ роза гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк уруусу. Жалбырагы күбүлмө же дайыма жашыл, бадал, чанда чырмалып өсүүчү лиана. Өркүнү майда тикендүү.
Файл:АТЫРГҮЛ41.png

Жупсуз жалбырагы канат сымал. Гүлү (жазылыгы 2‒15 см) жөнөкөй же тармал, жагымдуу жыты бар; кызыл, ачык кызыл, ак, сары, кызгылтым, көгүлтүр түстө, жалгыздан жайгашат же чатырча-шы пыргы сымал топ гүлдүү. Мөмөсү ‒ жалгыз уруктуу жаӊгакча. Анын 400дөй жапайы түрү (ит мурундар ) белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 200дөн ашуун түрү белгилүү. Курт-кумурскалар аркылуу чаӊдашып, мөмөсү канаттуулар ж. б. жаныбарлар м-н таралат. Ал тез өзгөргүчтүгү м-н айырмаланып, гибриддештирүү ж-а тандоо м-н бакта өстүрүлүүчү А-дүн көп түрү алынган. Анын Кытай (кытай А-ү), Кичи Азия (галл А-ү), Афганстан, Ирак, Армения (сары А.), Ы. Чыгыш, Японияда (көп гүлдүү А. ж. б.) өсүүчү жапайы көп түрү азыр колдо өстүрүлөт. Кооздук үчүн өстүрүлүүчүлөрү (25 миӊдей түрү) 3 топко бөлүнөт. Жылына бир жолу жаздан баштап кеч күзгө чейин гүлдөйт. Бул топко паркта өстүрүлүүчү А-дөр (ламберт, вихурайану гибриди, кордези, голл ж. б.) кирет. Дайыма жашыл түрү тез өсүп, көпкө гүлдөйт. Буларга бакта өстүрүлүүчү А-дөр (наузету, бурбон, чай, чай-гибрид, полианту, лолианту-гибрид ж. б.) кирет. Лиана түрүнүн өркүнү 10‒12 мге жетип, жай мезгилинде бир жолу гүлдөйт. Лианаларга көп гүлдүү ж-а вихурайа ну А-ү кирет. Кооздук үчүн көбүнчө чай-гибрид (гүлү чоӊ, тармал, жыты жагымдуу) ж-а флорибунда (көпкө гүлдөйт) А-дөрү өстүрүлөт. Анын айрым түрлөрүнүн (француз А. ж. б.) гүл желекчесинен жыттуу эфир майы (роза майы) алынат. Кээ бир түрүнүн жалбырактарынан кыям жасалат, жалган мөмөсүндө аскорбин к-тасы көп болгондуктан, витамин жасоодо пайдаланылат. Розадан боегуч ж-а ийлегич заттар да алынат. Илдеттери: чаӊгыл кебер, боз чирик ж. б.
Ад.: Клименко В. Н., Клименко 3. И. Розы, 3-изд. Симферополь. , 1974.