АТРОПИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:07, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 ‒ ит жүзүмдөр тукумундагы өсүмдүктөрдөн (меӊдубана, адырашман, чочко жаӊгак, белладонна ) алынуучу алкалоид. А-дин күкүрт, күкүрт кычкыл туздарынын суудагы эритмелери медицинада жараат, ичеги, өт жолдорунун ооруларына, бронх астмасында, көздү текшерүүдө каректи чоӊойтуу үчүн ж-а морфин, ацетилхолин ж. б. м-н уукканда колдонулат. А. м-н ууланганда, көздүн кареги чоӊоюп, тамырдын кагышы ылдамдайт. Бул учурда ууккан адамга алгачкы жардам көрсөтүү (ашказанга суу же активдүү көмүр кошулган суу жүгүртүү) керек.