АТООЧТУК ТҮРМӨК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТООЧТУК ТҮРМӨК ‒ өз ара тизмектешкен бир нече сөз мааниси жана грамматикалык жактан атоочтукка баш ийип, аны менен бекем байланышта тутумдашкан синтаксистик ажырагыс бирдиктүү тизмек. Атоочтук түрмөктүн тутумундагы сөздөр маанилик жана грамматикалык жактан атоочтукка багыныӊкы абалда туруп, аны менен бир бүтүндүктө ажырагыс тизмектешкендиктен, алар сүйлөмдүн синтаксистик бир гана мүчөсүнүн милдетин аткарышат, башкача айтканда структуралык жактан атоочтук түрмөк делип, синтаксистик жактан жайылма мүчө боло алат (мис., Кыздын кыя басканы ‒ кылыктана сөз айтканы. Кулак угуп, көз көрбөс жерлер да бар).

С. Мусаев.