АТООЧТУК СӨЗ АЙКАШТАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:54, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

‒ багындыруучу (негизги) түгөйү (компоненти) көбүнчө зат атоочтордон, аз да болсо сын атооч, сан атооч, ат атооч, тактоочтордон болгон сөз айкаштары (мис., алтын шакек, жүзүмдүн ширеси, элге жакшы, окуучулардан бешөө, түшүмгө мол, келгендердин кимиси). А. с. а-нын багыныӊкы түгөйүнүн кызматында сын атооч, сан атооч, зат атооч, ат атооч, тактоочтор, тууранды сөздөр, атоочтуктар болуп, багындыруучу түгөйдүн ар түрдүү белгилерин көрсөтөт (мис., жашыл талаа, жыйырма бала, жыгач күрөк ж. б.). А. с. а-нын түгөйлөрү өз ара ыкташуу, таандык байланыш жана башкаруу жолу менен байланышат.