АТООЧТУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:56, 27 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТООЧТУК ‒ этиштин кыймыл-аракетти заттын белгиси, касиети катары көрсөтүп, грамматикалык жактан этиштик да, атоочтук (зат, сын) да маанини туюнтуп, сүйлөмдө баш жана айкындооч мүчөлөрдүн милдетин аткаруучу формасы. Ал этиштик негизге ‒ган, ‒ар, ‒бас, ‒оочу/уучу, ‒а, е, й + элек, ‒гыс ж. б. мүчөлөрдүн жалганышы аркылуу жасалат (мис., Бийик өскөн гүл. Бирөө билгенди бирөө билбейт. Айыгар дарттын дабасы өзү табылат).

С. Мусаев.