АТОМДУК НОМЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:53, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТОМДУК НОМЕР, к а т а р н о м е р ‒ элементтердин мезгилдик системасындагы хим. элементтердин катар номери. А. н. атом ядросунун протондорунун санына, ал өз кезегинде нейтралдуу атомдун электрондук санына барабар. Ал атомдун физ. жана хим. касиеттерин аныктайт. Д. И. Менделеевдин мезгилдик законунун азыркы кездеги аныктамасына ылайык элементтердин жана анын бирикмелеринин касиеттери алардын атомдорунун заряддарына (катар номерине) мезгилдүү көз каранды.