АТОМ РАДИУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:07, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
‒ молекуладагы ж-а кристаллдагы атомдор (ядролор) ортосундагы аралыкты болжолдуу ченөөгө мүмкүндүк берүүчү чоӊдук. Ал ангстрем (Е) м-н өлчөнөт (1Е =10‒8 см). Кристаллдардын ички түзүлүшү ж-а тышкы формасы атом ж-а ион радиустарына көз каранды. А.р. металлдык ж-а коваленттик болуп бөлүнөт. Металлдык радиус үчүн элементтердин кристаллдык түзүлүшүндөгү атомдордун эӊ кыска аралыгынын жарымы алынат. Коваленттик радиус металл эместердин молекулаларын дагы бир байланышынын узундугунун жарымына барабар. Кристаллдык химияда мааниси өтө чоӊ.