АТОМ-СУУТЕКТҮҮ ШИРЕТҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:44, 7 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТОМ-СУУТЕКТҮҮ ШИРЕТҮҮ‒ суутек менен ширетүү ыкмасы. Эки вольфрам электроддун (электр манжасынын) ортосундагы электрдик жаа жылуулуктун негизги булагы. Жаанын жогорку темп-расынын (6000°Сге чейин) таасири астында суутек молекуласы (Н2) мол. абалдан атомдук (Н) абалга өтөт. Андан ары муздай баштаганда суутек кайрадан молекулага айланып, кошумча жылуулук бөлүү менен күйөт. Диссоциацияланган суутек металлды коргойт. Мына ошентип, дээрлик бардык металлдарды (жез жана жез кошулмаларынан башка) ширетүүдө бекем жана катуу жик салынат.