АТМОСФЕРАНЫН КӨРҮНҮМДҮҮЛҮГҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:07, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 ‒ алыстагы заттарды күӊүрттөнгөн аба катмарлары нан ажырата көрүүнүн мүмкүнчүлүгү. Ал күндүзгү, күүгүмдөгү ж-а түнкү болуп бөлүнүп, заттын канчалык даана көрүнүмдүүлүгү ж-а анын алыстыгы (горизонталь ж-а тик же жантык багыт б-ча) м-н мүнөздөлөт. Изилдөөнүн практикалык мааниси транспортто (жол белгилери

нин, самолёттор конуучу ж-а учуучу аянттар дын көрүнүмдүүлүгү), топография (трангуляция лык белгилердин көрүнүмдүүлүгү) ж-а аскер иштеринде (чалгындоодо ж. б.) өтө чоӊ. Анын өзгөрүшү аба ырайына байланыштуу. Горизонталь б-ча заттардын көрүнүмдүүлүгү кээде 50 кмден ашат. Жайында жакшырып, кышында тумандуу ж-а жаан-чачындуу күндөрдө, бороон болгондо начарлап, заттар ондогон мге чейин гана араӊ көрүнөт. Заттардын көрүнүмдүүлүгүн жакшыртуу үчүн дүрбү ж-а радиолокация пайдаланылат.