АТМОСФЕРА ЦИРКУЛЯЦИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:07, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
‒ атмосфера дагы аба массаларынын алмашуусун пайда кылуучу негизги агымдардын которулуп жылып жүрүшү. Ал Жерге күн радиациясынын түрдүү кубатта келишине, Жердин өз огунда айланышына, жер бетинин бир өӊчөй болбогондугуна ж. б-га байланыштуу. А. ц. ж а л п ы (пассат, муссон, циклон ж-а антициклон системасында гы агымдар) ж-а ж е р г и л и к т ү ү (керимсел, желаргы ж. б.) болуп экиге бөлүнөт. Атмосфе ранын жалпы циркуляция процесси өтө татаал ж-а тынымсыз өзгөрүп турат, бирок анын жылдык мүнөзү сакталып, жер бетиндеги ири аймактарга мүнөздүү климаттык өзгөчөлүктөрдү түзөт. Атмосферанын жерг. циркуляциясы өз алдынча турган айрым аймактарда гана жүрүп, алардын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу болот, мис., Кырг-ндагы санташ, улан, керимсел ж-а өрөөндөр м-н капчыгайларда болуучу шамалдар.