АТМОСФЕРА ФИЗИКАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:27, 27 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТМОСФЕРА ФИЗИКАСЫ‒ атмосферада болуучу физикалык кубулуштар менен процесстерди изилдөөчү илим. Ал атмосферада жылуулуктун таралышын, абанын ысышын же муздашын, агымын, буулануу жана конденсациялануу процесстерин, жаан-чачындын пайда болушун, атмосферадагы оптикалык, электрдик, акустикалык ж. б. кубулуштардын себептерин, алардын өз ара байланыштарын физикалык же анализдик жолдор менен аныктайт. Атмосфера физикасы метеорологиянын көп тармактары менен тыгыз байланышкан, к. Метеорология .
Ад.: Хргиан А. Х., Физика атмосферы. Л., 1969.