ири жер титирөөнүн кесепетинен суу астына чөгүп кеткен, жогору өнүккөн цивилизация жайгашкан легендарлуу арал. Бул цивилизация байыркы Египет, Месопотамия цивилизацияларынан алда канча мурда, 10‒12 миӊ жыл илгери жашагандыгы айтылат. А. ж-дөгү маалыматтар байыркы грек философу Платондун «Тимей» ж-а «Критий» диалогдорунда баяндалат. Платон А-ны калк жыш жайгашкан, жери түшүмдүү, Европа м-н Түн. Африканы бириктирген идеалдуу мамлекет катары эсептеген. Бирок байыркы мезгилдерде эле Платондун маалыматы күмөн туудуруп, А. цивилизациясы боюнча талаш-тартыштар башталган. Платондун окуучусу Аристотель А. ойдон чыгарылган деп белгилеген. 19-к-дын аягында Крит аралында ачылган байыркы миной цивилизациясын А. м-н окшоштурууга аракеттенишкен. Азыркы учурда Гибралтар кысыгынын батышында же Эгей деӊизиндеги Санторин а. же анын айланасындагы аймактар болуусу мүмкүн деп санаган пикирлердин айтылганды гына карабастан, А-нын болгондугу ж-а анын жайгашкан жери тууралуу маселе илимде талаш бойдон калууда.