АТЛАНТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:48, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТЛАНТ‒ 1) байыркы грек мифологиясында асманды желкесине көтөрүп турган титан-алп; Ал титандардын кудайларга каршы күрөшүнө катышканы үчүн Зевстин буйругу б-ча ушул жазага тартылган; 2) имараттарды, порталдарды жасалгалоодо арх-ралык дубалга же колоннага кошо тургузулган эркектин статуясы.

Файл:АТЛАНТ30.png
Санкт-Петербургдагы Жаӊы Эрмитаж дын портик атланттары (1844‒49).

А. балкондордун жана эркерлердин тирөөчтөрү катары орнотулат. Мындай скульптуралык ыкма Байыркы Грекияда (б. з. ч. 5‒4-к.) пайда болуп, 17‒20-к-дын арх-расында кеӊири орун алган (Франция, Тулондогу ратушанын А. 1955‒57-ж., скульптору ‒ П. Пюже; Санкт-Петербург дагы Жаӊы Эрмитаждын портигинин А. 1844‒49-ж., скульптору ‒ анын ичинде Теребенев).