АТАЛАШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:03, 26 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТАЛАШ‒ атасы бир, энеси башка бир туугандар. Көчмөн турмуштун шартында кыргыздарда көп аял алуу салты өкүм сүргөндүктөн, бир эркектин бир нече аялынан төрөлгөн балдары Аталаш деп аталган. Аялы өлгөн же ажырашкан эркек башка аял алса, анын баштагы жана жаӊы аялынан тапкан балдары да Аталаш болот.