АТАЙЫН ФУНКЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:03, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
математиканын түрдүү бөлүмдөрүнүн, мат. физиканын маселелерин чыгарууда көп кездешүүчү функциялардын классы. А. ф. даражалуу катарлар, чексиз көбөйтүндү, удаалаш дифференциалоо, дифференциал, айырмалык интеграл ж-а функционалдык теӊдемелер, тригонометриялык катарлар ж. б-дын жардамы м-н аныкталышы мүмкүн. А. ф-нын кыйла маанилүү классына бета-, гамма-, дзета-функ циялар, гипергеом., параболалык цилиндр функциялары Бессель, Лежандр, Ламе, Матье функциялары, интегралдык синус, интегралдык косинус, толук эмес гамма-функция, ыктымал дык интегралы, эллипстик интеграл, Римандын дзета-функциясы , автоморфтук функция ж. б. кирет.

Ад.: Прудников А. П., Брычков И. А., Маричев О. И. Интегралы и ряды. Специальные функции. М., 1983. Б. Назаркулова .