АТАГЕЛДИЕВ Мунарбек Муӊдукович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:49, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

Мунарбек Муӊдукович (7. 9. 1949-ж. т., Фрунзе ш.) ‒ скрипач. КРдин эл арт.

Файл:АТАГЕЛДИЕВ18.png

(1993). П. Шубин атн. балдар муз. мектебинин скрипка классын, Кыргыз мамл. муз.-хореогр. окуу жайын (1973) бүтүрүп, Б. Бейшеналиева атн. Кыргыз мамл. иск-во ин-тунун скрипка классына кирген. Студент кезинде эле Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын акад. симф. оркестринде скрипач, кийин концертмейстер. Оркестр коллективи менен бирге концерттерде композиторлор Л. Бетховендин, С. Прокофьевдин, Ф. Листтин, П. Чайковскийдин, В. А. Моцарттын, Д. Шостаковичтин ж. б. жана кыргыз композиторлорунун, обончулардын чыгармаларын аткарат. Москва, Ташкент, Алматы ш-ларында, Африка, Турция, Балтика мамлекеттеринде ж. б. болуп, эл аралык фестивалдарга катышкан. Медалдар менен сыйланган.