АТ ЧАБЫШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:07, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
‒ улуттук спорттун түрү. Мелдештер тегиз талаада, түз жолдо же туюк айлампа да (атмайданда) өткөрүлүп, күлүктөрдү атайын заяпкерлер таптап, чабандеске чаптырат. А.ч. илгертеден эле кыргыз элинин турмушунда өтө маанилүү орунду ээлеп, «а л а м а н б а й г е» деп аталган. 1952-жылдан А.ч. мелдешинин эрежеси тартипке салынган. Чабандестер 14 жаштан кем болбошу керек. Мелдешке кунандан
Файл:АТ ЧАБЫШ40.png
«Манас ‒1000» майрамындагы ат чабыш.

жогорку жаштагы бардык тукумдагы күлүктөр катышып, А. ч. аралыгы 20000 мге чейин болот. 1995-ж. «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына карата дүйнөлүк тарыхта биринчи жолу алыс аралыкка (Ашхабад ‒ Талас) ат чабылган. А. ч-та төмөнкүдөй шарттар сакталышы керек: аттын мелдешке катышуусуна уруксат берүүчү вет. мекемеден маалым кат; чабандестин билдирме си ж-а жеке номурдун болушу, бир чабандестин бир гана атты чабуусу, мелдеш учурунда аралыкты кыскартууга тыюу салынат, башка атты камчы м-н чабууга, жолун тороого болбойт ж. б. А. ч. б-ча ар кандай (III, II, I) разряддык даражалар ж-а наамдар белгиленген.