АТ ТОКУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:01, 25 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТ ТОКУУ‒ сапарга, аӊчылыкка чыгууга, көчүүгө ж. б. иштер үчүн унааны минүүгө даярдоо. Ат сол жагынан токулат. Адегенде аттын жонуна ичмек, анан тердик, айрым учурда (аш-тойлордо, салтанаттарда) ат жабуу жабылат.

Файл:АТ ТОКУУ39.png

Желдик (каптырга), ошондой эле куюшканы салынып, каптырганын үстүнө ээр токулат. Ээр аттын жонуна ички басмайыл менен тартылып бекитилет. Ээрдин чарасына көрпөчө салынат. Көрпөчөнүн үстүнөн сырткы басмайыл, омуроосуна көмөлдүрүк тартылат.