АТ ТОКУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:48, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

‒ сапарга, аӊчылыкка чыгууга, көчүүгө ж. б. иштер үчүн унааны минүүгө даярдоо. Ат сол жагынан токулат. Адегенде аттын жонуна ичмек, анан тердик, айрым учурда (аш-тойлордо, салтанаттарда) ат жабуу жабылат.

Желдик (каптырга), о. эле куюшканы салынып, каптырганын үстүнө ээр токулат. Ээр аттын жонуна ички басмайыл менен тартылып бекитилет. Ээрдин чарасына көрпөчө салынат. Көрпөчөнүн үстүнөн сырткы басмайыл, омуроосуна көмөлдүрүк тартылат.