АТ-БАШЫ ЗАКАЗНИГИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:57, 25 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТ-БАШЫ ЗАКАЗНИГИ – Нарын облусунун Ат-Башы районундагы аӊчылык боюнча корук жер. Кайыӊды, Ат-Башы сууларынын жана Ат-Башы суу сактагычынын жанындагы токойлуу жана бадалдуу жерди ээлейт. Аянты 12,0 миӊ га. Азайып бараткан кекилик, коён, кыргоол, элик ж. б. канаттуулар менен жаныбарларды коргоо жана көбөйтүү максатында 1973-жылы уюшулган.