АТ-БАШЫ-ЭҢИЛЧЕК ЖАРАКАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:04, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 ‒ Түштүк ж-а Ортоӊку Теӊир тоо зоналарынын тоотек катмарларын бөлүп турган тектон. тереӊ жарака. Фергана кыркатоосунун чыгыш тарабында. Ал батыш түн.-чыгышты карай Ат-Башы кыркатоосунун түн. этеги м-н созулуп, Улан, Көк-Жар, Чакыр-Корум өрөөндөрү аркылуу өтүп, Ак-Шыйрак кырка тоосунун түш. капталы м-н Эӊилчек суусун бойлоп кетет. Уз. 500 кмден ашык. Жарака кесип өткөн тоотектер өтө талкаланып ж-а метаморфизмделип, негизинен сланецтерге айланган. Жарака палеозой заманынын орто ченинде эле ар кандай багытта жылышкан жер кыртыш бөлүктөрүн ажыратып турган. Геофиз. аныктоолор б-ча, ал жер кыртышын бүт жарып өтүп, мантиянын үстүн бир кыйла жылыштырып жиберген эӊ тереӊ жаракалардан.