АСТРОНОМИЯЛЫК ПУНКТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:36, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСТРОНОМИЯЛЫК ПУНКТ‒ географиялык координаталары жана бир нерсеге карай багытталган азимуту астроноиялык жол менен (асман жылдыздарына жүргүзүлгөн байкоолордун негизинде) аныкталган жер бетиндеги чекит. Астроноиялык пункт жер бетинде кирпич же бетондон тургузулган бийиктиги 1 м келген мамылар менен белгиленип, астрономиялык байкоолор ошол чекиттен жүргүзүлөт. КМШ өлкөлөрүндө Астрономиялык пункттар астрономиялык аныктоолордун тактыгына карай 4 класска бөлүнөт. I, II класстагы Астрономиялык пункт 70‒100 км аралыкта болуп, Жердин келбетин жана көлөмүн аныктоо үчүн, III, IV класстагылары ар түрдүү аралыкта жайгаштырылып, жер бетинин топографиялык карталарын түшүрүүдө же геодезиялык кээ бир изилдөөлөрдө пайдаланылат.