АСТРОМЕТРИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:36, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСТРОМЕТРИЯ (астро... жана ...метрия ) ‒ астрономиянын бир бөлүмү. Ал Ааламдын мейкиндиктеги картинасын түзүү үчүн асман объектилеринин геометриялык, кинематикалык жана динамикалык касиеттерин изилдейт. Астрометрия методу асман объектилеринин параллаксын , планета жана жылдыз орбиталарын, алардын бетиндеги нерселердин өлчөмүн, жайгашышын ченейт. Астрометриянын маалыматтары астрономиянын асман механикасы, астрофизика, жылдыздар астрономиясы, геодезия жана геофизикада кеӊири колдонулат. Астрометриянын негизги милдети ‒ астрономиялык туруктуу чоӊдуктардын сан маанилерин аныктоо, жылдыздардын абалын жана өздүк кыймылдарынын каталогдорун түзүү. Б. з. ч. 4-кылымда эле кытай астроному Ши Шень айрым жылдыздардын каталогун түзгөн. Грек астроному Гиппарх прецессия кубулушун ачып, 1022 жылдыздын каталогун түзгөн, 15-кылымда Улугбек бул жылдыздарды кайрадан изилдеген.