АССОНАНС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:03, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 (фр. assonanсе ‒ үндөштүк, уйкаштык) ‒ уйкаштыкта же улам кийинки сөздөрдө үндүү тыбыштардын кайра-кайра кайтала нышына негизделген стилистикалык ыкма. Мындай кайталоо, же үндүүлөрдүн үндөштүгү ырдын башында же бүтүндөй ыр жолдорунда болушу мүмкүн. А. элдик ырларда көп кездешет (мис., Агарып аткан таӊ бекен, Агарган таӊдай жан бекен. Асмандап учкан каздайым, Ак жайык жаткан саздайым). Мисалдардан көрүнүп тургандай, «а» тыбышынын кайра-кайра кайталанышы А. түзүп, поэтикалык речтин жагымдуулугун, уккулуктуулугун арттырууда.