АССИММЕТРИЯЛЫК СИНТЕЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:03, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 ‒ оптикалык жактан аракетсиз ж-а ассимметрия борбору жок заттардан оптикалык активдүү бирикмелер пайда болуучу хим. процесс. Ассимметриялоочу агенттин (оптикалык активдүү бирикмелер) же кандайдыр бир физ. факторлордун катышуусунда жүрөт. 1904-ж. нем. химиги В. Марквольд оптикалык активдүү метилэтилуксус к-тасын 1-жолу алган. Жарым-жартылай А. с-ге алкендерди же карбонил бирикмелерин гидрлөө, галогендөө кирет. Ассимметриялык катализ практикалык чоӊ мааниге ээ. Ал гербициддерди, оптикалык активдүү ментолду, амин к-таларды, кантты алмаштыруучу заттарды, Паркинсон оорусун дарылоочу гидроксифенилаланин ди ж. б. синтездөөдө колдонулат.