АСПАП

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:43, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСПАП‒ иштетилүүчү буюмдун формасын талапка ылайык өзгөртүүдө колдонулуучу эмгек куралы же машина механизми. Анын кесүүчү (кескич, бургу, фреза ж. б.), басым астында иштетүүчү (штамп ж. б.), чарыктоочу (чарыкташ, кайракташ, бүлөө ж. б.), усталык (балка, кычкач, өгөө, тешкич ж. б.), ченөөчү (штанген

циркуль, сызгыч, индикатор, микрометр ж. б.), бекитүүч ү (кыскыч, бекитүүчү патрон, цанга) ж. б. түрлөрү бар. Техника тармактарында ар түрдүү өлчөөлөр, медицина менен ветеринарияда хирург. операцияларда колдонулуучу приборлор менен түзүлмөлөр да А. деп аталат.