АСМАН НЕРСЕЛЕРИНИН (ТЕЛОЛОРУНУН) ОРБИТАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:18, 20 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСМАН НЕРСЕЛЕРИНИН (ТЕЛОЛОРУНУН) ОРБИТАСЫ ‒ космос мейкиндигиндеги Күн, жылдыз, планета , астероиддер, комета, жердин жасалма жандоочулары ж. б-дын кыймыл жолу (траекториясы). А. н. о-нын формасы айлана, эллипс, парабола же гипербола түрүндө болот. Башка нерселердин дүүлүктүрүүчү гравитациялык орбитасынын аракетинен нерсенин сфера түрүндө эместигинен, чөйрөнүн каршылыгынан А. н.(Т.) о. татаал формага ээ болот.