АСМАН МЕРИДИАНЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:32, 21 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСМАН МЕРИДИАНЫ ‒ асман сферасынын чоӊ тегереги. Ал дүйнө уюлу жана байкоо жүргүзүлүүчү орундагы зенит аркылуу өтөт. Анын тегиздиги байкоо жүргүзүлүүчү орундун географиялык меридиан тегиздиги менен дал келип, математикалык горизонтту түштүк жана түндук чекиттеринен кесип өтөт.